www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр ар бир директор өз аймагында көпөс. Сууга салса купкургак чыккан көпөс, ата-энелердин тапкан ташыганын ичип-жеп жатып, булар бир аймактын байлары, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген кожоюну. Аким,губернаторлорду тоготуп да коюшпайт, анткени баласынан аябаган ата-эне буларга акча берип жатып, кудайды да тааныбай баратат. Гүленчилердин тиреги болгон Илим жана билимдин экс- министри Алмаз Бейшеналиев жаңы жаңылык кийирген. Мектеп директорлорун беш жылга гана дайындоо сунушталып жаткан, ушунун негизинде мыйзам кабыл алынганы турган. Эми эч кимге баш ийбеген өз алдынча хандарга же феодалдарга жана “көмүскө” “Хамалеондорго”  айланган мектеп директорлорун тыюуга көпөстөрдүн  көпөсү Купешов министрдин эрки жетеби? Кемеден жамандык болорун алгач келемиштер сезишет. Директорлор да канча бийликти алмаштырды түстөрүн өзгөртүшүп кийинки бийлик менен ымалалашып кетишет. Алды отуз жылга чейин бир мектепти мыкчып тургандар Масалиев, Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбековдор кетишсе деле ордуларынан  былк этишкен жок да, чиркин. Эми жаңы министр көпөстөрдүн  көпөсү Купешов кандай иштер экен? Мынча чамынып алган соң аягына чыгар. Же муну да иш кызып келатканда жыга чабабы? Учурда мектеп директорлору баш болуп, мугалимдер жана окуучулар каникулда. 2020-жылдагы  карантин мектеп окуучуларына катуу таасир этти. Ыраматылык билим жана илим министри Каныбек Исаков жазгы каникулдан соң онлайн менен окутууну баштаган. Аны үйрөнүп, бир тартипке келе алышпай окуучулар да, мугалимдер да бир топко кыйналышты. Учурда дагы коронивирустун дагы бир толкуну келатат деген сөз болуп жатат. Мектеп окуучулары онлайнды чемирчкедей чагып калышкан. Ким багыт бергени билинер, бирок окуучулар үчүн туура багыт тандалган.

2021-жылы мектеп окуучулары жарым онлайн системасына өтүштү. Башталгыч класстарга  балык үчүн суудай керек предметтер математика, жазуу сыяктуу сабактар мектептен окутулуп, дене тарбиясы, эмгекке үйрөтүү, мекен тануу сыяктуу көмөкчү сабактар онлайн тибинде окутула турган болду. Учурда каникул убагында мектеп окуучулары башты оорутпай эс алып жатышат. Мугалимдер замандын тайкысынан улам эс алуу көргөн жок, аол эми мектеп директорлору кантип ордумду сактап калам деп баштаы оорутуп жатышат.

Президент Жапаровдун президенттик аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев тарабынан министрликтин 2021-2025-жылдарга карата иштелип чыккан Программасы ишке ашып жатабы? 5 жылдык Программа билим берүү системасын, илим, инновацияны өнүктүрүүгө багытталган. Программада мектепке чейинки билим берүүдөн тартып жогорку кесиптик билим берүүгө чейинки билим берүүнүн ар бир баскычында билимдин сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу механизмдери камтылган:

 Мектепке чейинки билим берүүдө:

1. Билим берүүнү камтууну кеңейтүү жана билимдин жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу;

Мектептик билим берүүнүн деңгээлинде:

1.Билим берүүнүн жаңы Мамлекеттик стандартын жана тарбия Концепциясын иштеп чыгып ишке ашыруу; ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга билим алуунун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү;

2. Окуу процессин технологиялардын жардамы менен колдоо;

3. Кыргызстанда Электрондук мектепти – мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, кыргызча окуйм деген этникалык кыргыздарга, мигранттардын балдарына ж.б. үйдөн чыкпастан, мектептик билим алууга жана мамлекеттик үлгүдөгү тиешелүү документ алууга мүмкүндүк берүүчү системаны түзүү;

4. Өлкөнүн мектептерин PISA окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программага катышууга даярдоо;

5. Мугалимдерди аттестациялоонун жаңыланган системасын киргизүү;

6. Иштин натыйжалуулугун баалоонун рейтингдик системасын киргизүү.

Инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу:

1. Балдарда илимге болгон кызыгууну жаратуу, алардын аң сезимин өстүрүү үчүн “Агартуу” паркын түзүү; Креативдүү технологиялар борборун куруу; өлкө боюнча мугалимдерди жана таланттуу балдарды колдоо максатында билим берүү-ден соолукту чыңдоо комплексин куруу;

2. Мектептин деңгээлинде кесиптик көндүмдөргө ээ болуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Кесиптик билим берүү деңгээлинде:

1. Башталгыч кесиптик билим берүүнүн сапатын жана жагымдуулугун жогорулатуу куралын ишке киргизүү; орто кесиптик окуу жайларга кабыл алуунун бирдиктүү санариптик платформасын түзүү; КР ЖОЖдоруна чет элдик жарандарды кабыл алууда бирдиктүү санариптик платформаны түзүү;

2. Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн мазмунун жаңылоо;

3. Жаңы даярдоо багыттарын, анын ичинде тармактардын жана адистиктердин чектешкен багыттарын түзүү;

4. Жогорку окуу жайлардын географиялык жайгашуусун эске алуу менен жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн теңдештирүү;

5. Педагогикалык даярдоо багыттарынын бүтүрүүчүлөрүн көз карандысыз сертификациялоону киргизүү.

Илимдин жана инновациялардын деңгээлинде:

1. Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө илимдин салымын күчөтүүчү илимий-инновациялык борборлорду түзүү;

2. Илимий-изилдөө институттарын жана жогорку окуу жайларды интеграциялоо боюнча механизмдерди иштеп чыгуу. Жогорку окуу жайлардын базасында окуу-илимий-өндүрүштүк комплекстерди түзүү.

5 жылдык план менен тааныштырууну аяктап жатып: “Акыркы жылдары Кыргызстанда илимдин деңгээлинин өскөндүгү байкалды. Индекс боюнча алып карай турган болсок, КМШ өлкөлөрүндө Орусия жана Украинадан кийин эле биз турабыз. Бул сыймыктанчу көрүнүш. Демек, туура саясат жүргүзсөк, алдыга жылыш сөзсүз болот. Андыктан, алдыбызда чоң жоопкерчилик турат. Жоопкерчиликти сезип, өлкөнүн билим берүү тармагын жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн бирдиктүү саясат жүргүзөлү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости