www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ою боюнча учурда кадрлар менен эч кандай көйгөй жок, алар чыдамсыздык менен кызыл зонада иштей турганын жана кезегин күтүп жатышат. Бул тууралуу ал "Биринчи радиого" берген интервьюсунда билдирди.

"Кызыл зонага барып иштегиси келген доктурлар кезегин күтүп жатышат. Анткени, биз азыр бардыгын убагында төлөп берип жатабыз. Бир доктур бир күнгө 3 миң сом алат, медайымдар 2 миң сомдон. Азыр медиктер мурункудай митингге чыкпай калышты", - деди министр.

Радио угармандардын бири, бардыгы ушундай жакшы болсо, эмне үчүн кызыл аймактагы медиктерди тамак аш менен нормалдуу камсыздабай жатышат? Мекемелерде суу жок, доктурлар өзүнүн акчасына дүкөндөн суу сатып алууга аргасыз, деп суроо берди.

Министр учурда тамак-ашты мурункудай ӨКМ камсыздабай калган. Каражат түздөн-түз ооруканага бөлүнөт, жетекчилер кызматкерлерин тамак менен камсыздоого милдеттүү. "Ал эми суу боюнча айтсам, бүгүн эле барып бардык башкы дарыгерлерге кызыл аймактарды суу менен камсыз кылуу буюртмасын берем", - деди министр.

Белгилей кетсек, медицина кызматкерлери үстүнө кошуп төлөп берүүлөрдү ала албай жаткандарын анонимдүү билдирип жатышат. Апрель айында медиктер митингге чыгышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости