www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамбет Бодошов: «Эл сынбайт, ээн ооздор сынат!»

- Мамбет агай, УКМКнын жетекчисинин ээн ооздукту тыюу максатында айткан сөзүн ар ким ар кандай кабылдап, аны сөз эркиндигине кол салган адамдай да сүрөттөп жиберишти. Ал калпыстыкка жол берип алдыбы же анын сөзү бурмаланып кеттиби?

- «Сөз Кудайдын тили», касиет алып келе турган да - сөз, касиет качыра турган да - сөз! «Убагында айтылбаса сөз атасы өлөт» - деп айткан бабалар! Албетте, сөз жүйөөсү менен айтылышы керек. Тагыраагы, ээн ооздук түп тамыры менен тыйылышы керек. Ошондо гана биз кыргыз болуп кала алабыз. Камчыбек Ташиев ээн ооздукту тыюу максатында айтты. Анын сөзүн бурмалап, «элди сындырайын деп жатасың, сынбайбыз» - деп чыккандар да болду. Бирок алардын максаты бештен белгилүү. Алар мамлекетибизге хаос алып келишсе да бийликке жетүүнү көздөп жатышат. Чынында мамлекетибизге туруктуулук керек. Ал үчүн темирдей тартип болуш керек! Биздин мамлекет «общий дом» эмес! «Эл сынбайт, ээн ооздор сынат!»

Булак: Sayasat.kg

Последние новости