www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын банк секторунда июль айында депозиттердин жана активдердин көлөмү төмөндөдү. Улуттук банктын маалыматына ылайык, кардарлардын депозиттери бир айда 24,5 млрд сомго азайып, 900,2 млрд сомду түздү.
Банктардын жалпы активдери да 101,2 млрд сомго кыскарып, 1 трлн 476,1 млрд сом болду.
Ошол эле учурда насыя берүү өсүп, июлда кредит портфели 619,3 млрд сомго жетти. Бул июнь айына салыштырмалуу 2,8% көп. Ислам каржылоосунун көлөмү болсо 27,9 млрд сомду түзүп, жыл башынан бери 45,1% өстү.
31-июлга карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана 306 филиал иштеген.