www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майда бейбаштык фактысы боюнча кыздар кармалды, деп билдиришти Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан.

«102» номуруна чалуу 17-сентябрда саат 02:38де келип түшкөн. Жаш адамдар кайрылып, «ГУМ» соода борборундагы «Империя пиццы» кафесинде кыздар мушташып жатканын билдиришкен.

Сотко чейинки текшерүүнүн алкагында милицияга 2007-жылы туулган О.А., 2007-жылы туулган М.А., 2006-жылы туулган С.К. жана 2007-жылы туулган Э.А. жеткирилген. Аларга карата майда бейбаштык менен протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ошондой эле А.Д. соттук-медициналык экспертизага жиберилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.

Последние новости