www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунда жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөмдөрдү жыйноодо каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, жайыттарды пайдалангандыгы үчүн жарандардан чогултулган айрым каражаттар жергиликтүү бюджетке толук түшпөй келген.
Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын 27 айыл аймагында жүргүзгөн текшерүүсүнүн жыйынтыгында мамлекетке келтирилген каржылык зыяндын көлөмү 36 миллион сомдон ашканы аныкталган.
Учурда бул факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Жыйынтыгында тиешеси бар кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлөт.