www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Бир Бол” партиясынын үгүт кербени Баткен шаарында уланууда. Анын жүрүшүндө партия лидери Алтынбек Сулайманов партиянын курамы 95 пайызга жаңыланганын айтты.
“Командабыз таза, жаратман жаңы жүздөрдөн турат. Эгер көздөгөн ийгиликке жетип калсак, чоң өзгөрүүлөрдү жасайбыз. Биз айыл өкмөттөргө бардык күчтү, укукту беришибиз керек. Аким, губернатор дегендер жоюлуп, айыл өкмөт түздөн-түз премьер-министр менен иштеши керек. Арадагы ортомчулардын кереги жок”, - деди А. Сулайманов.
Ал Баткендеги эң чоң маселе чек ара көйгөйү экенин, аны элдин жашоосуна кедергисин тийгизбегидей чечүү керектигин баса белгиледи.
Кошумчалай кетсек, чек ара маселелерин чечүү үчүн өкмөттө кесипкөй сүйлөшүүчүлөр институтун түзүү аркылуу чек ара жаңжалдарын чечүү, чек ара зоналарында эркин экономикалык зоналарды түзүү жана колдоо партиянын программасында камтылган.
Белгилей кетсек, партия лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Саитжан Эратов, Абдисаит Каримбеков, Кумарбек Тешебаев, Бактыгүл Момбекова жана башка партия мүчөлөрү Баткен облусуеда эл менен жолугушууларды өткөрүүдө.
“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадыровнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү.