www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу мекендештер! Сиздерди Орозо айт майрамыңыздар менен “Бир Бол” парламенттик фракциясынын жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм! 

Ыйык майрамды ар бир мусулман зор үмүт, жакшы тилек менен күтөт. Жаратканга тобо келтирип, тазаланууга, жакшылыкка, кайрымдуулукка умтулат. Орозо айтта таарынышкандар кечиришип, араздашкандар жарашып, бири-бирибизге жүрөк жылыткан сөздөрдү айтуу менен туугандыгыбыз, жакындыгыбыз бекемделе турган күн. 

Рамазан айында, отуз күн бою Жараткандан жакшылыктарды тилеп, жан дүйнөнү аруулап, Орозо кармаган ар бир мусулмандын Орозосу кабыл болсун! Асыл максаттар, ак тилектер орундалсын! Айтыңыздар маарек болсун!

Терең урматтоо менен, “Бир Бол” фракциясынын Лидери Алтынбек Сулайманов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости