Акцияга талапкерлер, партиянын мүчөлөрү жана тарапташтары катышып жатат.

Партиянын лидери Алтынбек Сулайманов үгүт кампаниясынын ачылышында куттуктоо сөзүн сүйлөп, талапкерлерге ийгилик каалады. 

“Биз кесипкөй, заманбап билимге ээ болгон таза жаштар менен аттанып жатабыз. Өлкөбүз тазаланууга, таза инсандарга муктаж. Биз иштин көзүн билген, жаратман жаңы жүздөрдү бириктире алдык. Биз өзгөрүүгө жана өзгөртүүгө даярбыз!”, – деди “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов.

Ал эми депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов жалпы мекендештерди куттуктап, алгачкы иш-чара бекеринен тазалануу акциясы менен башталбагынын айтты.  

“Биз бүгүн, улуу күрөшкө аттанып жатабыз! Сот, бийлик жана башка тармактарда тазалык, жаңылануу үчүн күрөшөбүз! Жеңишке жетебиз деген үмүтүбүз чоң, анткени биздин команда таза, жаратман жана аруу мекендештерден турат. Табиятты тазалайбыз, тазалык үчүн күрөшөбүз”, – деди ал.

Партиянын дагы бир талапкери Чынар Капарова акцияны жакшы жышаан деп белгиледи.  

“Бул тазалануунун, жаңы жолго түшүүнүн башталышы. Биз өлкөнү тазалоого аракет кылабыз. Жеке менин тандоом – коомду булганычтан, жемкорлуктан, эскилерден тазалоо. Мына жаңылануунун мезгили келди. Биз жаңы элитаны түптөп, жаңы команда менен таза иштеп, аны андан ары жайылтуунун карлыгачтары бололу”, – деди Чынара Капарова.  

Булак: NazarNews.kg