www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Бир Бол” партиясынын үгүт кербени Нарын облусунда уланды. Партия мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов, Чынар Капарова, Зарина Чекирбаева, Нурсултан Кубанов, Мирлан Калыбеков Теңир-Тоо эли менен жолугушту.
Партиянын тизмесинин сап башында турган Алмамбет Шыкмаматов коррупционерлер мамлекетти башкарууну көздөп, жемкорлор жазаланмак турсун, мамлекетти башкаруу дымагы менен шайлоого келе жатышканын баса белгиледи.
“Алар бүтүндөй шайлоочуларды, ал эле эмес партия, партия лидерлерин сатып алууда. Мен билем, калк арасында анализдүү ойлонуп, көз карандысыз чечим чыгарган жарандар көппүз. Уурулардын бийликке келе турган жолдорун бууп, жакын да жолотпойбуз. Добуш үчүн акча тараткандар - элдин душманы. Добуштарын саткандар эки эсе жарды болгон абалга кептелет. Оппозициялык партияларга добуш бериңиздер. Бийликтин партияларына добуш бербеңиздер! Алар ансыз деле паспортторду чогултуп, административдик ресурсту колдонуу менен элге басым жасап, №2 форма аркылуу добуштарды сатып алып жатышат. Эгер бийликке оппозиция барбаса, парламент накта “чимкириктердин” уюгу болот”,-деди А.Шыкмаматов.
Депутат – бул эл өкүлү, элдин жүгүн көтөрө турган, элге кулдай кызмат кыла турган кызматкер экендигин баса белгилеген дагы бир талапкер Чынар Капарова депутат катары жаңы, жаратман жүздөрдү көргүсү келерин кошумчалады.
Кыргызстанга инвестиция тартуудагы тоскоолдуктар туурасында депутаттыкка талапкер Зарина Чекирбаева Нарын районунун эли менен болгон жолугушууда айтып өттү. Учурда ишкерлердин бизнесин өнүктүрүүгө колдоонун жоктугу, чет элдик жана жергиликтүү инвесторлорго тоскоолдуктар жаралганы, инвестицияны тарта билген адистер аз экенин кошумчалады.
Ал эми облус мал киндиктүү, жайыты кенен, берекелүү жер болгонуна карабай, өрөөндө малдын наркы төмөн, малдын териси жана жүнү иштетилбей келгендиги туурасында партиянын талапкери Мирлан Калыбеков Ат-Башы районунун эли менен болгон жолугушууда билдирди.
“Бул көйгөйдү чечүү үчүн малдын этин, терисин, жүнүн кайра иштетүүчү ишканаларды салууга инвестиция тартуу Өкмөттүн приоритети болушу керек!” -деди Мирлан Калыбеков.
Чет жерлерде өзүнүн бир катар билим берүү борборлорун негиздеген партиянын эң жаш талапкери Нурсултан Кубанов билим берүү тармагына токтолуп, ушул кезге чейин өзгөрүүсүз келе жаткан тармакка жаңыланууну алып келүү керектигин билдирди.
“29 жылдан бери Кыргызстандагы билим берүү системасы эч кандай өзгөргөн жок. Билим берүү тармагыбыз ыйлагыдай акыбалда турат. Ошого байланыштуу биз чечкиндүү кадамдарды, конкреттүү реформаларды жасашыбыз керек”, -дейт талапкер.