www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскарбек Шадиев мандатын бербей жатат. Өздүк булактардан жеткен кабарларга караганда, “Бир Болдон” барган чабарманга депутаттык мандатын өз эрки менен тапшыруудан баш тартып, качып жатыптыр. Чабармандар америкалап издеп, куру кол келүүдө. Такталбаган маалыматтарда, Шадиев мандатын сактап калуунун, азыркы бийлик менен тил табышуунун айласын издеп жаткан экен. Бийлик менен тил табышса миллиарддап эсептелген бизнесин да сактап калаарына ишеним бар да.

Ал эми “Бир Болдун” лидери Алтынбек Сулаймановго байланышып, бул боюнча маалымат берүүсүн сураганыбызда, малыматты тактаган да, жокко чыгарган да жок – жоопсуз калтыра турууну эп көрдү. Жооптон качуу күмөн ойлорду андан бетер күчөтөөрүн Алтынбек мырза жакшы түшүнсө керек.

Мыйзам боюнча депутат жумушун 30 күн катары менен себепсиз калтырса, мандатынан ажыратылат. Бирок, депутаттар бул эрежени башкача чечмелеп жүрүшөт – Баш мыйзам боюнча депутаттардын жумушчу күнү деп пленардык жыйын күндөрү гана, тагыраагы жуманын шаршемби-бейшемби күндөрү эсептелет, ошондуктан 10 жума жумушун калтырса гана мандатын алса болот дешет. Бул эми молдонун өзүнө ыңгайлуу жол түзүп алганындай эле да. Айлык алганда жуманын беш күнүнө эсептешет, жумушунда бир саат ашыкча отуруп койсо эки эселеп төлөнөт, кошумча толгон-токой привилегияларды түзүп алышат – ал эми мандатка келгенде 2 күндү гана эсептешет.

Аскарбек Шадиевге карата 2 кылмыш иши козголгон. Биринчиси, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыкка бөлүнгөн 30 миң долларды кыйды жолдор менен сиңирип кеткендиги үчүн Кылмыш кодексинин 304-беренеси менен (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) козголгон. Кылмыш иши козголоордон алдың ал бардык бизнестерин башка адамдарга каттап, өзү Лейлек району аркылуу Тажикстанга мыйзамсыз жолдор менен өтүп, андан ары Москва аркылуу АКШга учуп кеткен. Буга байланыштуу Кылмыш кодексинин 346-1-беренеси менен (“Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү”) экинчи иш ачылган. Анын бардык мүлктөрү, бизнестери камакка алынган.

Шадиев Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодо жүз миллиондоп солго солонгон коррупциялык схеманын авторлорунун жана активдүү аткаруучуларынын бири катары да айтылып келет. Анын фирмаларынын эсепчиси Зиявидин Матураимов ТЭЦ долбоорунун да эсепчиси болгондугу депутаттар тарабынан айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости