www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүнө америкалык миллионер Генриетта Хоуленд Грин деген аял сараңдыгы менен атагы чыккан. Ал XX кылымдын гениалдуу финансист кызматкери болгон. 1916-жылы келбес сапарга узаган Грин артына 100 миллиондон ашык доллар калтырып кеткен.

Кызыгы, үч уктаса түшкө кирбес акчага ээ болсо да, ал тирүү кезинде боткону мешке коюп, көмүр-отунга акча коротуунун ордуна үй жылыткыч түтүккө жылытууну туура көрчү. Ал Чикаго шаарындагы бир нече кварталды ээлеп турса да, өмүр бою чычкан-келемиш аралап, мына-мына кулайын деген эски тамда батирде жашап өткөн. А бир жолу конвертке 5 центтен арзан марка сатып алам деп, бир күн кечке суй жыгылып издеп жүрүп, 2 центтигин табат. Акыры өтө үнөмчүлдүгүнүн кесепети тийген бир окуя аны бүткүл дүйнө жүзүнө тааныткан.

Себеби Генриетта бекер оорукананы үч күн издеп, убакытка уттуруп койгондугу үчүн врачтар анын баласынын бутун кесип салууга аргасыз болгон! Миллионер аял 82 жашында көз жумган. Мында дагы өз ажалынан эмес, а сараңдыгынан өлгөн. Ашпозчусу бир бөтөлкө сүткө бир аз акча ашык төлөп койгондугун укканда Генриегганын жүрөгү жарылып, о дүйнөгө узаган экен.

Булак: "Сырдуу дүйнө"
 

Последние новости