www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер “тоону томкором” деген киши чыкса, аны “омкором” деген киши да сөзсүз чыгат.

(Стас Янковский)

Күнөөкөрдүн ийгилигине көз артпа, анткени анын акыры эмне болуп бүтөрүн билбейсиң да.

(Инжил)

Адамдар кээде шаан-шөкөт менен көмүлгөндөргө да көз артышат.

(Владислав Гжегорчик)

Бирөөлөрдүн ичкүйдүлүгү сенин ийгилигиңе эң сонун термометр болуп берет.

(Сальвадор Дали)

Досторуңдун мактоосу кээде шек туудурушу мүмкүн, бирок душмандарыңдын ичкүйдүлүгүнө толук ишене берсең болот.

(Карл Иммерманн)

Көралбастык бирөөнү мээлеп, өзүн жарадар кылат.

(Англис макалы)

Колу кыска кишилер гана чыканагын тиштейт.

(Дени Дидро)

Кымбат баалуу тон аны кийген кишини жылытканы менен көргөн кишини чыйрыктырат.

(Жюльен де Фалкенаре)

Бир чака көң көтөрүп баратсаң, “теңин мага бер” деп талашкан кишилер болот.

(Марио Пьюзо)

Эгер көралбастынктын өңү-түсү болгондо, бүт дүйнө караңгылыкка чулганып калмак.

(Испан макалы)

Көралбастык – акыл-эстин көзүнө тартылган кара тасма.

(Фазил Искендер)

Жарыкты көлөкө ээрчиген сыяктуу ийгиликти да көралбастык ээрчип жүрөт.

(Лидия Сейфулина)

Бирөөнүкүнө көз артсаң, өзүңдүкүн жоготосуң.

(Орус макалы)

Койлор карышкырга суктанса, карышкыр койдун терисине суктанат.

(Жюльен де Фалкенаре)

Өлгөндөр тирүүлөргө суктанбайт.

(Джеймс Роллинс)

Бактылуу болгуң келсе ичтардыктан арыл.

(Владимир Казарян)

Бирөөнүн чөнтөгүн чукулагандын ордуна өзүңдүн чөнтөгүңө этият бол.

(Орус макалы)

Сук киши тойдо күйөө бала, таажияда маркум болгусу келет.

(Леонид Шебаршин)

Эмне үчүн биз дайыма “кошунанын тоогунун эти менин казымдын этине караганда даамдуу” деп ойлойбуз?

(Анита Амирезвани)

Ичи тар киши ичтардыктан өлөт.

(Орус макалы)

Көралбастык – ачкөздүктүн кошунасы.

(Михаил Гуцериев)

Көз артуунун бир гана жакшы түрү бар – бул атеисттин Кудайга ишенген адамга көз артуусу.

(Дмитрий Грунтовский)

Көралбастык – майыптардын дини.

(Фазиль Искендер)

Ач адамга караганда ток карышкыр жакшы.

(Орус макалы)

Жарык чачканга кудурети жетпегендер көлөкө түшүргөнгө маш.

(Ашот Наданьян)

Көралбастар өлүп деле калбайт, бирок начар укташат.

(Николай Пащенко)

Жакырлар миллионерлерге көз артышпайт, алар кайыр-садаганы көбүрөөк алган жакырларга көз артышат.

(Бертран Рассел)

Адам баласы өзүнүн уулу менен окуучусунан башканын баарына сугун салат.

(Талмуд)

Популярдуу жазуучулар адатта кесиптештеринин арасында популярдуу болушпайт.

(Мильор Фернандеш)

Баарына бирдей жарык чачканы үчүн эле күндү жок кылып салгысы келгендер канча!

(Леонид С.Сухоруков)

Начар адам бирөөнүн жолун торогондон ырахат алат.

(Владимир Туровский)

Булак: Азия News гезити

Последние новости