www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Джо Байден июнда Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолукканда ачууланган. Буга Зеленский америкалык администрациянын башчысынын сөзүн толук укпай туруп, Киевден көбүрөөк жардам сураганы себеп болгонун NBC телеканалы өз булактарына таянуу менен билдирди.
Булактардын айтымында, Байден ошол сүйлөшүүдө АКШ администрациясы Украинага 1 миллиард доллар аскерий жардам көрсөтөөрүн айткан замат, Зеленский Киевге кандай жардам керектигин дароо айта баштаган. Ошондон кийин Байден ачуусу келип, Америка эли «өтө жоомарт» болгонун, америкалык аскерлер менен администрация Киевге жардам берүү үчүн колунан келгендин баарын жасап жатканын айтты. АКШнын президенти үнүн бийик чыгарып, Украинанын президентине «мындан да ыраазы болушу мүмкүн» деди.
Булактардын айтымында, Байдендин Зеленскийдин жүрүм-турумуна нааразычылыгы 15-июндагы телефон сүйлөшүүсүнөн бир нече жума мурун күчөгөн. Ал кезде Байден жана анын айрым жардамчылары америкалык аткаминерлер колунан келгенин жана мүмкүн болушунча тезирээк жасап жатканын айтышкан, бирок Зеленский «аткарылбаган нерселерге» гана көңүл бурган.
Сүйлөшүүдөн кийин Украина президентинин командасы «АКШ президенти менен конфликт натыйжасыз» деген чечимге келип, чыңалууну басаңдатуу аракетин көрүүнү чечти. Зеленский АКШга көрсөткөн жардамы үчүн ачык ыраазычылык билдирди, анын натыйжасында эки өлкөнүн лидерлеринин мамилеси жакшырган.
Булак: NazarNews.kg