www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхом Алиев менен болгон жолугушуусунда Сочиде өтө турган үч тараптуу саммиттин максатынын Карабак жаңжалын чечүү үчүн 2020 жана 2021-жылдары жетишилген бардык келишимдерди ишке ашыруу экенин айтты.

«Менин оюмча, жолугушуу маанилүү. Бул жолугушуунун максаты, менимче, 2020 жана 2021-жылдары жетишилген бардык макулдашууларыбызды ишке ашырууну камсыз кылуу», - деди Путин Алиев менен жолугушууда.

Орусия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Сочиде үч тараптуу жолугушуу өткөрүп, анда Карабак маселесин талкуулашты, ошондой эле келечектеги тынчтык келишимине негиз боло турган документти кабыл алууга келишти.

Буга чейин Сочиде Путин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Жолугушууда Путин Карабактагы жаңжал көп жылдардан бери уланып келе жатканын, аны токтотууга убакыт жеткенин айтты.

Эске салсак, 1990-жылдардын башында аймакта куралдуу кагылышуулар орун алган: Армения Азербайжанга каршы агрессивдүү аскерий операцияларды баштап, муну менен азербайжандык аймактарды басып алуу боюнча өзүнүн көптөн берки пландарын ишке ашырган. Бул пландын борбордук бөлүгү Карабакты Азербайжандан бир тараптуу бөлүп, Арменияга кошуу болгон. Натыйжада Армения бул аймакты, анын ичинде Азербайжандын Хожалы жана башка жети районун басып алган. Бул агрессиянын натыйжасында согуш 30 миң адамдын өмүрүн алган. Бир миллионго жакын азербайжандар качкын жана аргасыз мигранттарга айланды, миңдеген адамдар үй-жайсыз калды.

2020-жылы Азербайжан менен Армения Карабак аймагы боюнча маселени чечишти. Тарыхта Экинчи Карабах согушу же “Мекен согушу” деген ат менен калган аскердик кагылышуулар 2020-жылдын 27-сентябрында башталып, 44 күнгө созулган. 2020-жылдын 9-ноябрынан 10-ноябрына караган түнү “Тоолуу Карабакта ок атышууну токтотуу” тууралуу билдирүүгө кол коюлган. Согуштун жыйынтыгы боюнча Түркия колдогон Азербайжан жеңишке жетти. Россиянын жардамынан үмүт кылган Армения жеңилип калды.

Аскердик потенциалы боюнча дүйнөдө 11-орунда турган Түркия Карабах согушунда Азербайжанды акыл-эс, саясий жана аскердик жактан активдүү колдонду. Негизи Түркия Азербайжанды Биринчи Карабах согушунан бери колдоп келет. 2010-жылы эки өлкө аскердик кызматташтык боюнча стратегиялык өнөктөштүккө жетишкенден кийин бул колдоо практикалык формага өтө баштаган. Андан кийин Түркия Азербайжандын Куралдуу күчтөрү үчүн офицерлерди даярдап, бул өлкөгө Орусия менен Израилден кийинки үчүнчү эң ири курал экспорттоочу болду. Тактап айтканда, 2020-жылы курал экспорту 6 эсеге өскөн. Тоолуу Карабактагы кагылышуулардын алдында бул эки өлкө өз ара аскердик машыгууларды өткөрүшкөн. Машыгуулардын соңунда Түркиянын дагы 2 F-16 согуштук учагын Азербайжанда калтырганы айтылды. Азербайжандын жеңишин камсыз кылууда Түркияда чыгарылган «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттары да чоң роль ойноду.

44 күнгө созулган согуштун жыйынтыгында Азербайжан армиясы 5 шаар, 4 калктуу конуш жана 286 айылды армян баскынчыларынан бошоткон. Азербайжандын Куралдуу Күчтөрүнүн 2,9 миңден ашык аскер кызматчысы өз мекенин бошотуу үчүн күрөштө курман болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости