www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сеченов атындагы университеттин реабилитациялык борборунун директору, ортопед-травматолог, медицина илимдеринин кандидаты Константин Терновой РИА Новостиге берген маегинде тез чуркоонун пайда-зыяны тууралуу айтып берди.

Дарыгердин айтымында, тез чуркоо жүрөк-кан тамыр системасына терс таасирин тийгизип, кээде өлүмгө алып келет. Шаар чөйрөсүндө бул жагдайды булганган аба да курчутуп жиберет.

"Тез чуркоо таман жана тизе муундарынын бузулушуна алып келет. Артыңан бирөө кууганда эле интенсивдүү чуркоонун пайдасы тийбесе, башка учурда зыяны көп", — деп билдирген травматолог.

Терновой күнүмдүк көнүгүү катары басууну тандоо оң экендигин айткан. Анын айтымында, ар кандай жаракат алуудан оолак болуш үчүн дайыма көнүгүү жасап туруу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости