www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнө 98 жыл толду

Бүгүн, 1-ноябрь Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнө 98 жыл толду. Буга байланыштуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Канат Джумагазиев куттуктоо сөзүн Фейсбуктагы баракасына жазды.

"Урматтуу кесиптештер! Ардактуу ардагерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгы менен куттуктайм!

Бүгүнкү күндө, милициянын сержанттары, старшиналары, прапорщиктери жана офицерлери учурдун чакырыктарына ийгиликтүү жооп берип, кылмыштуулук менен күрөшүүдө эң татаал милдеттерди аткарып, коомдук коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыз кылууда.

Кыргыз милициясынын башкы сыймыгы – элин кылмыштуу кол салуулардан коргоо үчүн жеңил эмес, ошол эле учурда ардактуу кесипти тандап алган адамдар. Бүгүнкү күндө миңдеген милиция кызматкерлери өздөрүнө бекитилген аймактарда жан аябастан иштеп, жарандарыбыздын тынчтыгын, бейпилдигин камсыз кылууда.

Ак ниет жана жооптуу кызматы менен жарандардын мыйзамдын бекемдигине болгон ишенимин артырууда. 

Албетте, бул салтанаттуу күнү биз ички иштер органдарынын ардагерлерине таазим этебиз. Алардын көбү, бүгүн да катарда туруп, бай тажрыйбасы менен бөлүшүп, кеңештерин кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге берип келүүдө

Бүгүн кызмат учурунда курман болгон жолдошторубуздун эрдигине таазим этип,баатырларыбызды унутпай эскеребиз. Алар биз үчүн эрдиктин жана патриоттуктун үлгүсү болуп кала бермекчи.

Ушул салтанаттуу майрам күнү бардык кесиптештериме, ардагерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө чың ден соолук жана бакубатчылык каалайм.

Жолдошторубуздун колдоосу ар бирибиздин ишенимдүү таянычы болсун. Өлкөбүздүн келечеги үчүн аткарып жаткан кызматыңыздарда ийгилик ар дайым коштоп турсун. Майрамыңыздар менен!

Урматтоо менен, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги К. Джумагазиев", - деп жазган.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости