www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылы жана «Дүйнөнү өзгөрткөн адамдар» тармагынын шериктештери БУУ, ЕККУ, ЕБ жана эл аралык коомчулугуна Кыргызстандын чек ара аймактарына, Баткен облусуна Тажикстан тараптан болгон аскердик агрессияны токтотууга көмөкчү болуу өтүнүчү менен кайрылабыз.

2022-жылдын 16-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын Баткен облусунун чек ара аймактарына аскерлери менен кайрадан кол салды.

2022-жылдын 14-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында Булак-Башы, Көк-Сай, Паскы-Арык аймактарында башталган ок атышуу 16-сентябрь күнү кыргыз тараптын чек ара наряддарын жана позицияларын аткылоо менен башталды, кийин Баткен жана Лейлек райондорунун чек арадагы айылдары жана чек ара заставалары миномёттор менен аткыланды.

Саат 16:00гө карата жабыркагандардын саны 42 адамга жетти. Лейлекте 15 жаштагы кыз, Достук айылынын тургуну Эльзада Малик кызы снаряддын сыныктарынан каза болду. ЖМКда, ошондой эле, 9 жаштагы кыздын курман болгону тууралуу дагы маалымат чыкты. Таң заардан тарта бардык калктуу чек ара пункттарынан аялдар менен балдар эвакуацияланды.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматын караганда, тажик тарап Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерди соккулаган. Кыргызстандын чек ара кызматы Баткен шаарынын аэропортунун айланасы жана шаар четиндеги объектилер тажиктердин жапырт от чыгарган ракета тутумунун аткылоосуна дуушар болгону кабарланды. Баткен шаарынын жарандык инфраструктурасынын объектилери талкаланды.

«Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылы жана «Дүйнөнү өзгөрткөн адамдар» тармагынын шериктештери Тажикстандын агрессиясына жана жарандык калк менен объектилерге ылгабастан күч колдонуусуна каршыбыз!

2021-жылдын апрелиндеги аскердик агрессия мезгилинде «Бир дүйнө – Кыргызстан» FIDH менен биргеликте ири жана аз калктуу пункттарда кеңири радиуста кыйроого учураткан жардыргыч аракеттеги куралды анын ылгабастыгынан улам жарандарды чоң коркунучка кептегендиктен, эл аралык гуманитардык укук (ЭГУ) тарабынан тыюу салынып, аны колдонуунун туура эместиги жөнүндө билдирген.

Ошондой эле, ЭГУ жарандык калкка же объектилерге каршы багытталган кол салууларга тыюу салат. Биздин уюмдар жарандык калкка ылгабай сокку урууну жана Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарындагы жарандык инфраструктуранын бузулушун актоого болбойт жана адам укугунун эл аралык укуктары менен эл аралык гуманитардык укукту одоно бузуу болуп саналат деп толук ишенимде.

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу жана суверендүү аймакка жасаган аскердик агрессиясы эл аралык укукту жана БУУнун мүчө өлкөлөрү тарабынан алынган милдеттенмелерди одоно түрдө бузуу болуп эсептелет.

Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук коопсуздук органдарынын башчыларынын ок атышууну токтотуу жөнүндөгү өз ара макулдашуусу тууралуу маалыматтардын жарыяланышына карабастан, биз эл аралык коомчулукту, БУУну, ЕККУну Тажикстан Республикасынын аскердик күчтөрү тарабынан Кыргызстанга карата жасалган аскердик агрессиясын токтотуу үчүн бардык эл аралык механизмдерди колдонууга чакырабыз.

Биз 2021-жылдагы чыр-чатак учурунда FIDH менен биргеликте чыгарылган сунуштамаларды аткаруу зарылдыгы жөнүндө кайрадан кайрылабыз жана куралдуу чыр-чатактын тарапташтарынан:

                • ок чыгарууну токтотуу режимин сактоого жана чыр-чатакты жөнгө салууда жарандардын коопсуздугуна артыкчылык берүүгө, чыр-чатакты жөнгө салуу жараянында жергиликтүү жамааттардын тең укуктуулугун камсыз кылууну;

                • аялдарга, балдарга жана башка аярлуу топторго өзгөчө көңүл буруу менен жабыркагандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө, өмүрүнө жана саламаттыгына чоң коркунуч келишинен улам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгондордун бардыгын камтуу менен керектүү гуманитардык жардам менен камсыз кылууну;

                • жарандык калктын арасында жабыр тарткандар, жарандык объектилерди жана башка ЭГУнун бузулушуна жооптууларды аныктоого мүмкүндүк берген иликтөө жүргүзүүнү,

талап кылабыз жана эл аралык коомчулукту:

                • Кыргызстан жана Тажикстандын макулдашуусун эске алуу менен чыңалууну басаңдатуу максатында чыр- чатакка катышкан тараптардын ортосундагы өз ара макулдашуу түзүүгө катышууга;

                • жарандык калктын арасында жаңы курмандыктарды болтурбоо максатында тобокелдик зоналарына туш келген жергиликтүү калкка гуманитардык жардам көрсөтүүгө;

                • ЕККУнун москва механизмин жана/же БУУнун жана ЕБдин эл аралык механизмдерин ЭГУнун бузулушун жана Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 2021-жылдын апрель айында адам курмандыктарына, анын ичинде 12 жаштагы кыздын өлүмүнө алып келген кылмыштарды камтуу менен укук бузууларды иликтөө максатында ишгке киргизүүгө;

                • Кыргызстанды Эл аралык кылмыш сотунун Рим макамын ратификациялоого чакырабыз.

«Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылы жана «Дүйнөнү өзгөрткөн адамдар» тармагынын шериктештештери. Email: [email protected], tel.: +996312 317 671, 0550 184 095

Последние новости