www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик тараптын түбөлүктүү коңшу болгон биздин өлкөгө карата кылып жаткан кыянатчылыгы өкүндүрөт, деп жазган экс-президент Курманбек Бакиев өз кайрылуусунда.

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Менин бир боорлорум! Өзүм алыста болсом да, азыркы учурда Кыргызстанда болуп жаткан оор жоготууларга жүрөгүм тилинип, баардык кыргыз эли менен кошо терең кайгырып жатам.

Баарынан да, бул согуш ОДКБга кирген ар жактама союздаш эки өлкөнүн ортосунда болуп, тажик тараптын түбөлүктүү коңшу болгон биздин өлкөгө карата кылып жаткан кыянатчылыгы өкүндүрөт.

Урматтуу кыргыз элим!

Жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кыргызстаныбыздын жерин, элибиздин тынчтыгын сакташып, келечек муундун тагдыры үчүн душмандын огунан каза болгон Баатыр жигиттерибиздин жаны бейишке барсын, жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун.

Алардын жаркын элестери эч качан унутулбайт, жана баатырлардын аты тарыхта калып, келечек муунга үлгү болот.

Кудайым Кыргызстандай жерибизге, кыргыз элиме кайрат, сабыр, кайтарылбас эрдик берсин.

Мен, жана менин үй-бүлөм силер мененбиз кадырлуу кыргыз элим!", - дейт Курманбек Бакиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости