www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Колуңан келсе айранга талкан көөлөп же...Бийлер, байлар, хандар эзелтен бери эле  көп аял алып келишкенин кайда жашырабыз? Керек болсо жаш токолдорунун балдарын байбичелер канаттууга кактырбай өз баласындай асырап келгенин дагы танабызбы? Улуу апасынын камкордугунда болгон балдар аларды төрөгөн энесинен да артык көрүшөрүн карылар айтып калышат го эмдигиче. Негизи мындай салттын кесепетин азыркылар эле оозанып калышты. Эстүү аял заты  мурдагы уланып келаткан жөрөлгөбүздү эби менен улантсак зыян болбостур деген ойдо турушат.

Мынчалык болду чындыкка таянып кеп улайлы. Молдосу, ажысы, соту жок эле экинчи, үчүнчү аялды алып жүрүшкөндөр жокпу азыр? Толтура жүрөт андайлар. Айрыкча Аскар Салымбековго, Турсунбай Бакирге, Жамин Акималиевге, Нурлан Мотуевге, Өзбек ажыга, Феликс Куловго, Кубанычбек Жумалиевге, Бейшенбек Бекешовго, Курманбек Бакиевге ушундай “олжо” туш келген. Булардын баары эле жадырап,жайнап, жаркөптөй кайнап жашоосун көңүлдүү улантып келатышат.

Демек, баары тагдырга, буйрукка байланыштуу. Анан тимеле тилдерин безилдетип, экинчи аялдыкка барбайм деп тызылдаган айымдар кайсы бир күнү ошондой кырдаалга туш келип калышы мүмкүн. Мен бир эле аялдын этегин кармап оокат кылам деген эркек таналар деле жолунан адашып кетиши ыктымал.  Ошондуктан көбүртүп, жабыртып дискуссия кылуунун зарылдыгы жок. Мындан Чубак ажынын эле зоболосу артып, ага популисттик даңгыр жол салынганы байкалууда. Кийинки кезде ажыке кадимки сексапатологдун ролун аткарып калды. Же мунун жалганы барбы?  Айтор, кимдин пешенесине экинчи аял, кайсыл ургаачынын тагдырына үчүнчү күйөө туш келерин алдын-ала көзү ачыктар деле айталбайт.

М. Нарынбаева

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости