www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары президент Садыр Жапаровдон Ырыс Жекшеналиевди камактан бошотууну суранышууда. Тиешелүү кайрылууну Жанар Акаевдин жардамчысы Тилек Нурбеков социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Депутаттардын айтымында, активисттин камактагы мөөнөтүн узартуу анын ден соолугуна таасирин тийгизбей койбойт.

«Ошондуктан анын жашын, ден соолугун жана үй-бүлөлүк абалын эске алып, үй камагында калтырылышы керек деп эсептейбиз. Бул маселе боюнча сиздерден жардам сурайбыз», - деп айтылат катта.

Кайрылууга депутаттар Жанар Акаев, Сейид Атамбаев, Эльвира Сурабалдиева, Тазабек Икрамов жана Дастан Бекешев кол койгон.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектин Биринчи Май соту 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасын СИЗО-1де 14-декабрга чейин узарткан.

Активист өзүн жаман сезип, жүрөгү ооруп жатканын айтып даттанган. Туугандары аны дарылоо үчүн ооруканага которууну суранышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости