www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Дүүлүгүп жаткан аңгидей» болуп Туманбаевдин кайсы жерге барса да үйрүлө түшүп өз «земляктарын» чогултуп, жеке бийлик жүргүзүп башкаларды жээрип турат. Качан болсо да «Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп» өзү сыртка чыга берет. Ал эми президент Жапаровбу, Жээнбековбу, Атамбаевби бары бир ким президент болсо, ошонун бутуна жыгылып, президенттиги бүткөн соң «Кайдан көрдүм кара эшек» деп терс кайрылып кете берет. «Кыргыз Темир Жолу» ГП сын майкандап Иш башкармалыгына келген Туманбаев тууралуу эмнелерди айтсак? Эң алгач президент Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевке акыйкаттык сурап кайрылып жаткан адамдын каты менен баштайлы. «Төө көрдүңбү? Жок. Бээ көрдүңбү? Жок» - дегендей эле кеп болду. Бишкектин жашоочусу, жеке ишкер Линара 2013 жылы темир жол тармагынан товарларды жүктөө үчүн атайын краны бар 60 метрге созулган жер участогуна ээ болот. Көп өтпөй темир жолдон кошумча жерди арендага алат. Бул жөнүндө келишимдер түзүлгөн, ал эмес кызыл китеби да бар.
Сатып алган темир жолдун бутагы негизги жолго № 298 «подъездик» жолу аркылуу биригет. Жолдун ээси бул товарларды жүктөгөн темир жолдун бутактарын жана арендага алган жерлерин иштиктүү пайдаланат. Арийне, бул жерде оомалуу-төкмөлүү окуялар болуп кеткени тууралуу жакында гана кабардар болот.
Мамлекеттик жер участогу болуп эсептелген № 298 «подъездик» жолу бул участкада мыйзамда жазылгандай аукциону жана эч кандай жарнамасы жок эле «чоочуган түлкүдөй» болуп, кайсыдыр бир ЖЧКга сатылып кетет. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун кызматкери жер участогу болуп эсептелген № 298 «подъездик» жолу мамлекетке тиешелүү экендигин соттук отурумда эч кандай танбайт. Транспорттук прокуратурада да бул жерде келишимдер мыйзамсыз түзүлгөнүн баса белгилейт. ЖЧКнын, «Кыргыз Темир Жолу» ГП сынын кызматкерлеринин жана «Кадастр» ГПсы өзүм билемдикке салып, тоң моюндук менен мыйзамдарды бузушкан. Бул иштерди териштирүү үчүн Бишкек прокуратурасына жөнөткөн. «Өзүм дегенде, өгүздөй кара күчтөрү бар» Бишкек прокуратурасында «пыш этип» койбой кылмыш иштерин козгогон жок.
Кызыгы, сюрприздер ушул менен токтоп калган жок. «Кыргыз Темир Жолу» ГП сынын өздөрү бака баштуу эмес, «алтын баштуу» сезишкен кызматкерлери Мазунованын аймагынан күпкүндүз эле уялышпай темир жол бутагын ташып кетишти, буга эч кандай укугу жок болсо да. Анткени участок - бул жеке менчик, ал эми темир жол рельстерии ушул жер участогу жана кран менен кошо сатылган.
Бул аз келгенсип «Кыргыз Темир Жолу» ГПсы Линарадан темир жолду пайдалангандыгы үчүн зыяндардын ордун толтурушун талап кылып жатат. Компенсациясынын наркы 600 миң сом. Жөн жерден эле акча төлөй бербей Лунара соттун мындай туура эмес чечимине каршы, ал эмес булардын үстүнөн арыздангысы келет. Сотторго болгон ишенимди ыдыратып жаткан ушундай соттор, булар ач көздүк менен «Кыргыз Темир Жолу» ГПсын жан талашып колдоп жатышат. Бул сүрөттөрдө кошуна ЖЧК кура баштаган ангарлардын курулушунун башталышы тартылган. Эмне үчүн «Кыргыз Темир Жолу» ГПсы андай акыйкатчыл болсо мыйзамсыз салынып жаткан буларга каршы иш козгобойт?- деген суроо берет ишкер айым.
Темир жолдо болуп жаткан махинациялар бул Мазуновага жазап жаткан өкүмзорлук, анткени анын жер участогун келишимдик баада болбогон акчага сатып алыш керек. Линары Мазунованын жер участогундагы проблемалар бул жылы гана башталган жок. мазунова арендага алып жүргөн жерди кошуна ЖЧК мыйзамдаштырып алган соң, анын күйөөсүндө кайдан-жайдан пробелмалар пайда болгон. Анын жубайы Афганистандын жараны Камран Шенварини Фейсбуктагы белгисиз фейктеги адамга жазган комментарийи боюнча 313 берене боюнча беш жылга эркинен ажыраткан. Далил боюнча профилде Мазунованын жубайынын сүрөтү болгон. Башка эч кандай далилди Камран Шенвариден тапкан эмес. Бул иш 2021-жылдын май айында маалыматта катуу дүң болуп Жогорку Сот өкүмдү өзгөртүп, Камран Шенварини кайтарууда койо берген.
Линара мындан ары акыйкаттуулук болоруна ишенет. Кабыргасы кайышып турса да аялзатынын мойнуна мамлекеттик машиналар «Кыргыз Темир Жолу», ФУГИ жана Мамрегистр менен проблемалар түзүлүп турат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg