www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарында жалган ишкерлик менен алектенген жарандар кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад башкы башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад шаарынын тургундарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 220-беренесинин 2-бөлүмү ("жалган ишкерлик") боюнча кылмыш иши козголгон.
Такталган боюнча, Жалал-Абад облусунун аймагында салык төлөөчү катары катталган субъектилердин ишмердүүлүгүн талдоо учурунда, болжолдуу түрдө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иш жүзүндө жеткирбестен эсеп-фактуралар жазылган шектүү иштер такталган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жалган фирмалардын иш жүзүндөгү жана жасалма жетекчилери кармалып, алардын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул фирмаларга кандай кошумча салыктар алынганы туралуу салыктык текшерүүлөр дайындалды.
Тергөө иштери уланууда.
Булак: NazarNews.kg