www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет издөөдө жүргөн Өзбекстандын жаранын кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коңшу өлкөнүн 47 жаштагы тургуну бир катар кылмыштарга шектелип, таптырбай жүргөн. 8-август күнү чекисттер аны колго түшүргөн.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Учурда Башкы прокуратура ага карата баш коргоо чарасын тандап, Өзбекстандын компетенттүү органдарына өткөрүп берүү маселесин карап жатат.

Белгилей кетсек, 1993-жылдагы үй-бүлөлүк жана кылмыш иши боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер туралуу Минск конвенциясынын алкагында мамлекеттер бири-бирине кылмышкерлерди тапканга жардам берип, экстрадиция кылышат.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости