www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин кадыры акыркы жылдары аябай эле түшүп кетти. Албетте, буга эл өкүлдөрүнүн деңгээли себепчи экени айтпасак дагы түшүнүктүү. Азыр эл парламентти концерт көргөндөй эле кабылдап калышты. Депутаттардын сабатсыздыгы, ойду-тоону сүйлөгөн публикага ойногон эки жүздүүлүгү цирктеги маскарапоздорду элестетет. Арийне, баары эле Кудайдан жөө качкандар эмес, арасында мыктылар бар. Бирок аз. Санай келсең, беш манжаң жумулбай калат.
Эки жүздүүлүк демекчи, мына Жеңиш Токторбаев деген депутаттын кылыгына токтолуп көрөлүк. Буга чейин, Сооронбай Жээнбековду камаш керектигин айтса оозунан ак көбүк акчу. Тактап айтканда, өткөн жылы эле: "Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровго кошуп Сооронбай Жээнбековду да камаш керек. Эсиңиздерге салып коеюн. 2019-жылдын 8-9-августунда Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда кан досун, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди алып келип камабады беле, колу-бутун кайрып камаган. Ошондо бир жоокерибиз каза болгон. Чүй облустук милициясынын начальниги Самат Курманкулов майып болду. Бул тарых эмеспи? Жээнбековго жан сакчынын кереги жок, Кара-Кулжада кой кайтарсын",- деп күпүлдөсө, төбөсүнөн көк буу көтөрүлчү.
Быйыл болсо башкача "ырдап" калыптыр. Былтыркы ырынын "сөзү, обону" өзгөрүп кетиптир. Дегенибиз, жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамын алуу демилгесин көтөргөн эле. Дал ушул жагдайга Жеңишбек Токторбаев комментарий бериптир. Ушул депутаттардын эстутуму начар, же айткан сөздөрүн таразалай алышпайт. Кечээ бирди айтса, бүгүн таптакыр башканы сүйлөйт.
Мына айткан сөзүнө көңүл буралы: "Кесиптешим, эл өкүлү Акылбек Түмөнбаев "Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамын алуу демилгесин көтөрөм!"-деп берген маегин көрүп чыктым. Кесиптешим Түмөнбаевдин Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамын алуу тууралуу айткан демилгеси туура эмес. Жаманбы-жакшыбы ал киши 3 жыл президент болду. Ооба, өзүн бийликке президент кылып алып келген досу Алмазбек Атамбаевди камады. Бул кадамы туура болгонбу же аша чапкандыкпы коомчулук өзү баасын берет. Андан сырткары Жээнбеков президенттин ыйгарым укуктарын аткарууда коррупциялык элементтерди ишке ашырып, мыйзамсыз иштерди жасады деп айтуудан да алысмын", - дейт.
Баракелде, ойкуйт да, кайкыйт ак чардак деп ушуну айтат. Бир күнү төө, бир күнү бээ деген депутаттарга өнөрбү?
Булак: NazarNews.kg