www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Челябинск облусунун Красноармейский районундагы эс алуу борборунда эс алуучулардын ортосундагы жаңжал ок атышуу менен аяктап, чырдын катышуучуларынын бири медициналык жардамга муктаж болгонун “Челябинск жаңылыктары” Telegram каналы билдирди.

Маалым болгондой, окуя 9-июль күнү кечинде музыкалык каалоолор боюнча чырдан улам болгон. Эс алуучулардын бири травматикалык тапанча менен ок чыгарып, бир жигит жарадар болгон.

Ок аткан адам лагердин күзөтчүлөрү тарабынан кармалып, окуя болгон жерге милиция жана тез жардам кызматы чакырылып, жабырлануучу ооруканага жеткирилген, ок аткан адам укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилген, ок аткан адам өз аракетин өзүн коргогом деп түшүндүргөн.

Облустук Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, жаңжалдын бардык катышуучуларынын өздүгү такталып, медициналык кароого жөнөтүлдү. Ээсинин травматикалык тапанчага уруксаты бар, жаңжалдын чоо-жайы такталууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости