www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жол кирени накталай эмес төлөө системасына өтүүгө байланыштуу №2 автобазада муниципалдык коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда жаңы төлөм системасынын артыкчылыктары, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана каражаттардын ачык-айкындуулугун камсыздоо маселелери талкууланды.
Мэрдин айтымында, ушул жылдын апрель айынан тартып коомдук транспорттун айдоочуларынын эмгек акысы 33 пайызга жогорулатылган.

«Эми биздин жалпы милдетибиз — жаңы окуу жылы башталганга чейин жол кирени накталай эмес төлөө системасын толук ишке киргизүү. Кечээ эле 720 миңден ашуун жүргүнчү жол киресин накталай эмес ыкма менен төлөдү», — деди Айбек Джунушалиев.

Ал ошондой эле накталай эмес төлөмдүн негизги артыкчылыгы түшкөн каражаттардын толук ачыктыгы экенин белгилеп, бардык кирешелер коомдук транспортту жаңылоого, тейлөөгө, айдоочулардын эмгек акысын жогорулатууга жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталарын айтты.

Мындан тышкары, буга чейин колдонулуп келген айдоочулардын план менен иштөө системасы жоюлуп, эмгек шарттарын адилеттүү жана ачык-айкын уюштурууга шарт түзүлгөнү белгиленди.

Мэр айдоочуларды жүргүнчүлөргө жаңы төлөм тартибин сылык түшүндүрүүгө, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана коопсуздукка өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Ошондой эле жүргүнчүлөргө маалымат берүү максатында Бишкек мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлери коомдук транспорт каттамдарына чыгып, шаар тургундарына накталай эмес төлөмдүн тартибин түшүндүрүп, электрондук төлөмдөрдү колдонууга көмөк көрсөтүп жатышат.

Эске салсак, 2026-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек шаарында жол кирени накталай төлөө токтотулуп, жүргүнчүлөр «Тулпар» транспорттук картасы, Visa, Mastercard, «Элкарт» банктык карталары, QR-коддор жана башка электрондук төлөм сервистери аркылуу төлөй алышат.

Бир жолку электрондук билет колдонгондор үчүн QR-код аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү да каралган.

Последние новости