www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШОС) мүчө мамлекеттердин катышуусунда “Жашыл энергетика боюнча академиктердин III эл аралык форуму” өтүүдө.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Улуттук илимдер академиясы жана эл аралык өнөктөштөр тарабынан уюштурулду.
Форум жашыл энергетика тармагындагы илимий-технологиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууга багытталган.
Бул иш-чара Кыргызстандын ШОСко төрагалык кылган жылында өтүп жаткандыгы менен өзгөчөлөнүп, өлкөнүн регионалдык энергетикалык диалогдогу ролун бекемдөөгө өбөлгө түзүүдө.
Форумдун алкагында “Бир алкак – бир жол” демилгеси боюнча кыргыз-кытай биргелешкен “Таза энергия жана энергияны сактоо” лабораториясы ачылып, ошондой эле энергия үнөмдөө жана сактоо технологиялары боюнча адистерди даярдоого багытталган “Санариптик интеллект” демонстрациялык борбору ишке киргизилүүдө.
Мындан тышкары, ШОС өлкөлөрүндөгү жашыл энергетикага арналган стратегиялар, жөнгө салуу жана келечек багыттары боюнча басылма да сунушталды.
Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Салават Садыракунов форумда сөз сүйлөп, өлкө ШОС алкагындагы илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Анын айтымында, биргелешкен лабораториялар жана инновациялык борборлор энергетика тармагын өнүктүрүүгө, жаңы технологияларды киргизүүгө жана кадрдык потенциалды күчөтүүгө шарт түзөт.
Форумдун негизги максаты — ШОС өлкөлөрүнүн илимий коомчулугун бириктирүү, жашыл энергетика боюнча тажрыйба алмашуу жана энергетикалык трансформациянын актуалдуу багыттарын талкуулоо болуп саналат. Ошондой эле таза энергетиканын өнүгүшү экологиялык, экономикалык жана энергетикалык коопсуздук үчүн маанилүү фактор экени белгиленди.
Кыргызстан үчүн бул форум жашыл энергетика тармагына инвестиция тартуу, заманбап технологияларды киргизүү, ошондой эле гидро-, күн жана шамал энергетикасын өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачары белгиленди.