www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлеринин айлыгынын өзгөрүшүнө түшүндүрмө берди.
Министрликтин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Клара Осконбаеванын айтымында, эмгек акы ай сайын бирдей болбойт. Май айында майрам күндөрү иштегендерге кошумча төлөмдөр эсептелгендиктен айлык жогору болгон. Ал эми июнь айында мындай кошумча төлөмдөр жок болгондуктан, эмгек акы кадимки көлөмдө эсептелген.
Ошондой эле ал дарыгерлердин негизги айлыгы 27 миң 104 сом, медайымдардын негизги айлыгы 19 миң 360 сом бойдон калганын белгиледи.
Министрлик медицина кызматкерлерине айлык боюнча суроолор жаралса, иштеген жериндеги бухгалтерияга кайрылууну сунуштады.