www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Орегон штатында катталган окуяда Канада бугусу (Elk) бир күн мурда өзүн жаралаган мергенди сүзүп өлтүрдү. Бул тууралуу milliyet.com.tr сайты жазган.

66 жаштагы Марк Дэвид Tillamook районундагы жеке менчик аймакта ууга чыккан. Полиция кызматкерлеринин билдирүүсүнө ылайык, Дэвид ишемби күнү алгач бир бугуну аткан, бирок жери так аныктала элек.  Жекшемби күнү ал аймакка кайра барган Дэвид, өзү аткан бугу менен кез келген. Бирок, бугу өзүн өлтүргүсү келген Дэвидге кол салып, моюнга сүзгөн.

Орегон полиция кызматы: “Аталган жайдын ээси Дэвидге куткарууга аракет жасаганы менен алган жаракаты оор болуп, каза тапты”, - деп билдирди.

Дэвид ууга чыккан жайдын ээси тарабынан бугунун өлтүрүлгөнү белгилүү болду.

Буга окшогон окуя бир жыл мурда АКШнын Арканзас штатында дагы болуп өткөн. 66 жаштагы Томас Александр өлтүрдүм деп ойлоп, бугунун жанына барганда сүзүлүп каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости