www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев менен баарлашып, Кубатбек Боронов боюнча пикир алыштык.

-Бакыт Эргешевич, парламенттик шайлоо жыйынтыкталгандан  кийин Кубатбек Боронов өкмөттү жетектейби же  жаңы премьер- министр дайындалабы?

-Кубатбек Боронов пандемия башталган күндөн тартып өлкөдө жана медицина жаатында кандай көйгөйлөр бар экендигин жон териси менен сезди, түшүндү. Ошол маселелерди чечүүнүн үстүндө иштеп жатат. Ошондой эле премьер-министр катары да жогорку деңгээлде иш алып барып жатат. Азыр оңой эмес абалда турганыбызды эске алып, жаңы парламент келип, коалиция түзүлгөн күндө деле өкмөт башчылыкка  Кубатбек Айылчиевичти сунушташ керек деген ойдомун.  Анткени, ал өкмөттүн жумушун туура багытка салып, ишти туура нукта жүргүзүп жататат.

-Мисалы?

-Мисалга  салык тармагында төлөмдөрдү көбөйүп, план аткарылып баштаганын жана   80% жеке, кичи ишкерлердин иши  акырындап өнүгө баштаганын айтсак болот.  Мына ушул жагын эске алып, жаңы парламент келген күндө да, Кубатбек Айылчиевичти сунушташ керек. Анткени, ал баштаган иштерин улантып, өкмөттүн жүгүн тартып, экономиканын жогорулашын жолго коюшу керек. Мен Кубатбек Айылчиев ишти алып кете алаарына жана жүрөктүн үшүн алган илдеттин экинчи толкунуна каршы тура алат деп ишенем.  

Негизи Премьер-министрлерди кол жоолуктай кылып алмаштыра бергенди токтотушубуз керек. Себеби эми иштин көзүн таап баштаганда кетирип, жаңысын дайындай берсек, мамлекет гана утулат. Премьер-министрлердин саны көбөйгөнү менен мамлекетибизде өсүш болбой калат.Ошон үчүн Кубатбек Айылчиевге ишеним артып, баштаган ишинин аягына чыгышына мүмкүнчүлүк беришибиз керек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости