www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир күндө 730 кишиге коронавирус жугуп, 6 бейтап каза болду

Кыргызстанда 20-июнга карата бир суткада дагы 730 кишиге коронавирус жукканы аныкталды. Ооруп жаткандардын алтоо каза болду. Бул тууралуу ооруга каршы республикалык штаб кабарлады.

Оору жуктуруп алгандардын аймактык көрсөткүчү:

Бишкек шаарында – 312;
Ош шаарында – 100;
Чүй облусунда – 74;
Ош облусунда – 74;
Жалал-Абад облусунда 68;
Баткен облусунда – 65;
Ысык-Көл облусунда – 22;
Талас облусунда – 13.
Нарын облусунда -2.

Өлкөдө бул ооруга кабылгандардын жалпы расмий саны 115 миңден ашты. Алардын 1931и каза болуп, 105 миңден ашууну сакайды. Көз карандысыз эксперттер чыныгы абал расмий сандардан алда канча көп болушу мүмкүндүгүн белгилеп, июндун соңунда жана июлдун башында ооругандар кескин көбөйөрүн божомолдошкон.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги ушул тушта өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну курчуганын билдирген. Ооруканалар толуп, күндүзгү стационарлар ачылууда. Бишкек мэриясы мекеме-уюмдарга кайрылып, кызматкерлердин жарымын аралыктан иштөөгө өткөрүүнү сунуш кылган.

Жарандарга Кытайдын жана Орусиянын вакциналары сайыла баштаган. 20-июнга карата 92 миңден ашуун жаран эмделди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости