www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Бишкектик кызды шаардын борборунда үч кыздын сабап салышы боюнча комментарий берди. Аталган башкармалыктан билдиришкендей, бул факт Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
«Мындан тышкары, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, жаран С.К.нын ден соолугуна анча оор эмес залал келтирилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө мушташка катышкандардын бардыгы такталан. Алар РИИБдин тергөө кызматына алып келинип, суракка алынган.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат, жыйынтыгында окуяга тиешеси бар адамдарга юридикалык баа берилет», - деп билдиришти милициядан.
Эске салсак, шаардын борборунда Бишкектин тургунуна үч кыз кол салган. Жабырлануучунун ата-энеси милиция ишке көңүл бурбай жатканын жана кол салгандар сыртка чыкпоо тил каты менен коё берилгенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg