www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бүгүн 2022-жылдын октябрында ачылган Улан-Батор шаарындагы "Чыңгыз-хан" музейине барды.

Мамлекет башчысына музейдин жаралуу тарыхы жана анын экспонаттары, көргөзмөгө коюлган эстеликтер, хандардын жана ак сөөктөрдүн, ошондой эле Чыңгызхандын династиясынын тарыхын чагылдырган артефакттар тууралуу айтып беришти.

Музейдин өзү - эл аралык музей стандарттарына жооп берген, заманбап технологиялар менен жабдылган 9 кабаттуу имарат.

Анда убактылуу жана туруктуу көргөзмөлөргө арналган тогуз залы бар. Ошондой эле музейде көргөзмө-реставрация лабораториясы, эки окуу залы, китепкана, мини-кинотеатр, "Күмүш дарак" залы көрүүчүлөрдүн назарына коюлган. Музей төмөнкү залдарга бөлүнгөн: Байыркы мамлекеттер, Улуу Монголия, Монгол империясы, Чыңгыз-хандын падышалары жана ак сөөктөрү, Аалам жана монголдор.

Ал жакка барганда мамлекет башчысы музейдин ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

Президент Садыр Жапаров Чыңгыз-хандын мурасын сактоонун маанилүүлүгүн айтып, музей фондунун байлыгын жана кайталангыс өзгөчөлүгүн баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости