www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылынын Өмкө  каналынан 21 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМдин кызматкерлери маркумдун сөөгүн 10-июль күнү кечинде алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Белгилей кетсек, аталган тургун ушул жылдын 7-июлунда Ак-Сай өрөөнүнө кеткен. Анын аты Ача тилкесинен табылып, өзү дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн. Аны издөө иштерине 12 адам тартылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости