www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын 38 жаштагы атактуу ырчысы Ерке Есмахан 26 жаштагы реп ырчысы Раим Бактыгереевге турмушка чыккандан бери талкуу чордонунда келе жатат. Бири ырчы айымды колдосо, экинчиси каршы пикирин билдирип "баласына тийип алды" - деп каралашууда. Көп нерсеге маани бергиси келбеген ырчы айым суроолорго төмөндөгүдөй жооп берди. 

- Ерке, негативдүү пикирлерге кандай карайсың? 

- Негативден алыс болууга болгон күчүмдү жумшайм. Жыргап, жадырап жайнап жашаганга эмне жетсин? Ким эмне деп айтса да, жооп кайтарып, маанайымды түшүргүм келбейт. 

- Мальдив аралында жүрдүң эле... Эс алуу кандай өттү? 

- Абдан жакшы эс алдык. Үй-бүлөлүк эс алуу ойдогудай өттү. Мальдив аралына сөз жок баары керемет. 

- Ашканада кандай кожейкесиң? Тамак жасайсыңбы?

- Казактын кызы катары улуттук тамак беш бармактан тартып жасай берем. Тамак жасоо маанайдан көз каранды болуп калат. Кээде буйрутма кылып жеп турабыз. 

- Турмушка чыкканы ачык кийинбей калгандайсың... Купальник менен сүрөткө түштүңбү? 

- Натурам ачык кийимдерге таптакыр жок. Кыска кийсем да, болушунча ачык болбойт. Ал эми купальник боюнча айтсам, аны кийип эс алып жүрсөм да, баракчама жүктөгөн эмесмин. 

- Баракчаңда "Бактылуумун"- деп көп кайрылуу жасап, бактылуу болууга тырышасың. Эмнеге?

- Азыр адамдар эң кызык келишет. Бактылуумун шүгүр десең ишенбейт, бирөө бактысыз болсо кубанышат. Социалдык тармак менен өмүр сүрбөйм. Тескерисинче, көп нерсени жаап жашырып, чыгаргым келбейт. Көз өтөт дегендей... Чындыктын баары баракчамда эмес, үй-бүлөмдүн ичинде. 

- "Сени сабырдуу, жолдошуң сөз көтөрө албай окурмандарын көп блокко салат"- дегенге эмне дейсиң? 

- Биринчиден күйөөмдүн баракчасын карабайм. Блок деген рахат негизи. Кыйшык сүйлөп, акылсынып эмне болсо ошону жазгандарды дароо блокко саласың. Башка жакка жаза беришсин, бирок биздин баракчага эмес. Бизге катталуучулардын саны эмес, сапаты керек. 

- Турмушка чыкканы ырдабай, гастролдобой калгандайсың. Көбүрөөк жолдошуңду жандап жүрөсүң...

- Мурун үй көрбөй учуп конуп жүрөт элем. Акча табуу керек. Антип-минтүү керек. Ошол кезде дал ушул кезди каалайт элем. Жай гана аял бакытын тилейт элем. Жараткан азыр кыялдарымды орундатып, баарын мол кылып берип жатат. Гастроль, концерт, тойго көп чыкпайм. Кааласам чыгам анда-санда. Азыр ушул учур жагып жатат. Арка сүйөөр, мени багуучу күйөөм бар. Мен эркелейм гана... 

- Жакшы экен. Бактылуу бол!

- Ыраазымын!

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес

Булак: NazarNews.kg

Последние новости