www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев «Биринчи радионун» эфиринде «2 депутаттын диплому жасалма экени кантип билинди» деген суроого жооп берди.

«Бизде шайлоо өнөктүгү башталганда талапкер документтерин тапшырат. Паспорттун көчүрмөсү, жогорку билими боюнча диплому, банктагы эсеби жана күрөө. Биз дипломдун көчүрмөсүн алып, электрондук портал менен текшеребиз. Базада барбы же жокпу карайбыз. Бар болсо каттай беребиз. Ал эми анын мыйзамдуулугун укук коргоо органдары текшерет. Аны биз текшербейбиз», — деди ал.

Андан сырткары Жылкыбаев депутаттарга жогорку билим тууралуу дипломдун кереги жок деп эсептейт

"Дипломго ээ болуу жогорку билимге кепилдик бербейт. Дипломду эч кандай саясий куралга айландырбашыбыз керек. Артыкчылык диплому бар, бирок чындыгында билими жок адамдар бар. Кээ бир кыргызстандыктар диплому жок бизнес-империя куруп, көптөгөн чыгаан инсандар диплому жок эле ийгиликтерге жетишет. Мурунку системада депутат, президент болуу үчүн дипломдун кереги жок болчу, мен диплом тоскоол болбошу керек деп эсептейм», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости