www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вильнюстагы саммиттин алдында түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган күтүүсүздөн эгер анын өлкөсүнө Европа Биримдигине “жол ачылса” Швециянын НАТОго болгон умтулуусун колдой турганын билдирди.
Биринчиден, Евробиримдик Түркияга кирүүгө жол ачышы керек, андан кийин Анкара Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө талапкерлигин бекитет. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Вильнюстагы НАТОнун саммитине кетер алдында билдирди. Эрдогандын айтымында, НАТОнун дээрлик бардык европалык мүчөлөрү көптөн бери Евробиримдиктин курамында, бир гана Түркия дагы эле “эшикте күтүп” турат.
«Биринчиден Түркия Европа Биримдигине кирүүсүнө жол ачкыла, андан кийин Финляндияга ачкан сыяктуу Швецияга да НАТОго кирүүсүнө жол ачабыз. Бул жагынан мен Байден мырзага да ушундай эле сөздү айттым, Вильнюста да ошондой эле сөздү айтам», - деди Эрдоган.
Түркиянын Евробиримдикке кирүүсү чындыгында өлкөдөгү демократиялык процесске дооматтар жана Түркия менен Грециянын ортосундагы жаңжалдан улам тоңдурулган. Анын үстүнө эки тараптын саясатчылары дагы Брюсселдин да, Анкаранын дагы бул процесске кызыгуусун жоготкондугун байма-бай айтышкан.
«Эки процесс параллелдүү жүрүп жатат: НАТОнун кеңейиши, НАТОго жаңы мүчөлөрдүн кириши – бул башка багыт. Ал эми, Евробиримдиктин кеңейүү процесси башка багыт. Аларды бири-бирине байланыштырууга болбойт», - деди Еврокомиссиянын басма сөз катчысынын орун басары Дана Спинант.
Түркия Швециядан Анкара террордук топ деп атаган Курдистан жумушчулар партиясынын өкүлдөрүнө колдоо көрсөтүүнү жана башпаанек берүүнү токтотууну талап кылган. Швеция бир нече ай мурун алар бул шарттарды аткарганын жарыялашкан, бирок Түркияда андай эмес деп эсептешкен. Швециядагы түрк жана исламга каршы нааразылык акциялары кырдаалды ого бетер татаалдаштырган.
Булак: NazarNews.kg