www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир кызматтын баасы 300 миң долларга чыктыбы?

Мамлекеттик кызматтарга, министрликтерге, кирешелүү кызматтарга дайындоолордун бардыгы 30 жыл аралыгында акча менен жасалган. Ар бир кызматтын өзүнүн чени бар”. Бул тууралуу жакында президенттин милдетин аткарууучу, премьер-министр Садыр Жапаров Al Jazerra English телеканалынын “Разговор с…” программасындагы маегинде айтты.

“Алар буга көнүп калышкан. Мен кызматта турганыма 10 күн да боло элек, бирок буга чейин менин туугандарыма, мисалы, , менин уулума телефон чалышып кызмат үчүн 300 миң доллар, кандайдыр бир кызматка коюу үчүн 50 миң доллар сунушташты. Биз ушул аракеттердин бардыгын токтотуп, ачык-айкын мамлекетке айланууну каалайбыз. Көптөгөн адамдар кайрадан кызмат ордун сатып алабыз деп ойлой жатышат. Мындай көрүнүш эч качан кайталанбайт” – деди Жапаров.

“Менин иштеп баштаганыма эки күн болду. Бул убакыт аралыгында мен бардык коррупциялык схемаларды иликтедим – алар ишкерлер жана министрликтер менен биргеликте бюджеттин акчасын тоногон Ак үйдөгү чиновниктерге алып барат. Мен бул схемалар менен толук таанышмын. Азыр мен министрликтердеги ушул схемалардын бардыгын жок кылып жатам. Көп өтпөйт – натыйжасын бир-эки айдан кийин көрө аласыздар. Биз муну сөз менен эмес, иш жүзүндө далилдейбиз” – деп билдирди Садыр Жапаров.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости