www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Бихар штатынын дайынсыз жоголгон тургуну манту жеп жаткан жеринен табылды. Бул тууралуу CNN-News18 телеканалы билдирет.

Маалыматка караганда, Нишант Кумар 31-январда Дхерубганг айылындагы туугандарынын үйүнөн жоголуп кеткен. Кумардын үй-бүлөсү анын жоголушуна жездеси Рави Шанкарды уурдаган деп күнөөлөгөндө ал айыптоолорду четкен каккан. 

Окуя болгондон бир нече ай өткөндөн кийин Шанкар кокусунан Уттар-Прадеш штатынын Нойда шаарындагы базардан сатуучудан тамак сурап жаткан тилемчини көргөн. Рави аны аяп, сатуучудан ага манту берүүсүн өтүнгөн. Ал кайырчынын атын сураганда "Нишант Кумар" деп жооп берген. 

Шанкар дароо полиция кызматкерлерин чакырып, Кумар полиция бөлүмүнө жеткирилген. "Эми сот адилеттүү чечим чыгарып, окуяга күнөөлүү адамдар мыйзам чегинде жазасын алат деген үмүт бар", - дейт Рави. 

Азырынча Кумардын кантип Нойда шаарына келип калганы белгисиз. Ал сотто суракка алынаары айтылды.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости