www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунда бир нече адамдарды алдап жүргөн киши кармалды.
Бул тууралуу NazarNews.kg маалымат агенттигине Ысык-Көл РИИбинен Сталбек Усубакунов билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын январь айында Ысык-Көл РИИБне Чоӊ-Сары-Ой айылынын 28 жаштагы тургуну К.Б. кайрылып, 2019-жылдын 24-сентябрында белгисиз адам анын «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасын 100 миӊ сомго баалап, 20 миӊ сом акчасын берип, калган сумманы 2 айдын ичинде берем деп, автоунаасын айдап кеткендигин жана ушул күнгө чейин акчасын төлөбөй жаткандыгы жөнүндө билдирген.
Ошондой эле, ушул эле айылдын 20 жаштагы тургуну А.Р. арыз менен кайрылып, 2019-жылдын 5-сентябрында белгисиз адам, анын ишенимине кирип, алдоо жолу менен 3 данаа титан дискасын жана 3000 сом акча каражатын алып кеткендигин билдирген. Жалпы чыгым 18 миӊ сомду түзгөн.
Андан тышкары, Кара-Ой айылынын 52 жаштагы тургуну Д.Р милицияга кайрылып, 2019-жылдын 5-июлда белгисиз адам, анын «ВАЗ-2105» үлгүсүндөгү автоунаасын 35 миӊ сомго баалап алып, акчасын бир айдын ичинде берем деп, ушул күнгө чейин бербей качып жүргөндүгүн билдирген.
Аталган фактылар Ысык-Көл РИИБдин КЖБРна катталып, жазык кодексинин 204 (алдамчылык) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан комплекстүү тергөө-издөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын К. уулу Мирбек кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Ысык-Көл райондук соту тарабынан кылмышка шектүү жаранга карата «үй камагы» баш коргоо чарасы кабыл алынды.
Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлеринин айтымында аталган жарандын колунан, милицияга кайрылбаган башка адамдар да жабыркашы мүмкүн. Эгерде, кимлир бирөөлөр анын колунан жабыркашса төмөндөгү телефондорго: 0709203087. 0709085530, же болбосо Ысык-Көл РИИБдин 102 кызматына кайрылышса болот.
Булак: NazarNews.kg