www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир нече партия БШКга нааразы болуп президентке кайрылды

Парламенттик шайлоого аттанган «Ата Мекен», «Бир Бол», «Ордо», «Чоң Казат», «Реформа» саясий партиялары 24-августта «Кыргызстан» партиясын каттоого байланышкан чыр боюнча президент Сооронбай Жээнбековго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаевге жана акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылуу жолдошту. Алар Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» партиясын каттоодо мыйзам бузулду деп эсептеп, тийиштүү кызматкерлерди жоопкерчиликке тартууну суранууда.

“Биз сизге 24-августтагы БШКнын документ кабыл алууда мыйзам бузууга жол бергенине көңүл буруп, тийиштүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну суранабыз”, - деп айтылат кайрылуу.

Бир нече партиянын кайрылуусунда бул көрүнүш Боршайкомдун шайлоону калыс өткөрүүгө кызыкчылыгы жок экенин көрсөттү деп, алдыдагы шайлоого ишенимди кетирет деп белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости