www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 422 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 130, Ош шаарынан – 22, Чүй облусунан – 93, Ош облусунан – 45, Талас облусунан – 20, Ысык-Көл облусунан – 51, Жалал-Абад облусунан – 24, Баткен облусунан – 21, Нарын облусунан – 16 катталган. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 68 316  адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 516 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 59 362ге жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 168, Ош шаарынан – 10, Чүй облусунан – 78, Ош облусунан – 49, Ысык-Көл облусунан – 45, Жалал-Абад облусунан – 50, Нарын облусунан – 8, Талас-облусунан – 16, Баткен облусунан – 92.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 5 адам каза болду. Бишкек – 1, Талас облусу – 1, Чүй облусу – 1, Жалал-Абад облусу – 1, Ош облусу – 1 адам. Жалпы саны 1217ге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости