www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын тогуз айында POS-терминалдар аркылуу соода-кызмат ишканаларына 12.3 млн транзакция ишке ашырылган. Жалпысынан 12.4 млрд сом которулган. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу которуулардын көлөмү 33.7% , ал эми каражаттын көлөмү 22.8% жогорулаган. Бул тууралуу «Акчабарга» Улуттук банктан маалымдашты. 

Андан сырткары, тогуз ай ичинде электрондук акча которуулар аркылуу 4 млрд 12.3 млн сомго 844.2 миң операция жүргүзүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 72.2% жана 22.1% жогору. 

Товар жана кызматтарга электрондук акча которуу аркылуу жүргүзүлгөн төлөм жыл башында 11 млн 944.1 миң транзакция менен 5 млрд 768.6 млн сомго жүргүзүлгөн. Өткөн жылга салыштырмалуу 29% жогору. 

2020-жылдын январь айынан сентябрга чейин банктар аралык төлөм системалары аркылуу 3.1 трлн сомго  6.2 млн төлөм жүргүзүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23.4% жана 33% жогорулаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости