www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч күндөн бери Улуттук банк ички финансылык рыноктогу абалды жөнгө салуу үчүн АКШ акчасын сатып жатат. Бул тууралуу мекеменин сайтында көрсөтүлгөн.

Эске салсак, өткөн аптада доллардын курсу кайрадан көтөрүлө баштаган. Тагыраагы, шаршемби күнү ал 83,94 (сатып алуу) — 84,33 (сатуу) сомдон болсо, аптанын аягында 84,9 сомдон сатыла баштады.

Интервенция жасалган күндөр:

  • 16-ноябрь (дүйшөмбү) —23,4 миллион доллар сатылды (эртеси күнү сатып алуу бир тыйынга арзандап, 84,71 сом болуп калды);
  • 17-ноябрь (шейшемби) — 0,5 миллион доллар сатылды (келерки күнү сатып алуу 16 тыйынга арзандап, 84,55 сом болуп калды);
  • 18-ноябрь (шаршемби) — 1,3 миллион доллар сатылды (эртеси күнү сатып алуу үч тыйынга төмөндөп, 84,52 сом болуп калды).

Бардыгы болуп 25,2 миллион доллар сатылды.

Бул айда дагы бир интервенция болгон. 12-ноябрь күнү өлкөнүн башкы банкы 26,8 миллион долларды рынокко чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости