www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир сутканын ичинде дагы жети медицина кызматкерине коронавирус жукту. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.ң

Анын айтымында, вирус жуктуруп алган медиктердин бешөө Бишкек шаарында, экөө Чүй облусунда иштейт.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 207 учур катталды, алардын ичинен 139у стационарлардан айыгып чыккан.

Эске сала кетсек, кечээ коронавирус жуктуруп алган бир дарыгер көз жумган.  Бүгүн дагы 26 адам вирус жуктуруп, өлкө боюнча  жалпы саны 795ке жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости