www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык ишмердүүлүктү этаптуу жандандыруу процессине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өзгөчө көңүл бөлүнүүдө. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн маалымат кызматы жазып чыкты.

Ал белгилегендей, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери, коменданттар тиешелүү тапшырмаларды аткарууга толук аракеттешүүгө тийиш. 

«Сиздерге белгилүү болгондой, Өкмөт тарабынан экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары орун алган маселелерди чечүүгө ар тараптуу аракеттешүүлөрү зарыл. Айрым жарандар тарабынан өткөрмө кагаздарын алуу боюнча даттануулар жана нааразычылыктар түшүүдө. Бул багытта аларга уруксат кагаздарын алууда максималдуу колдоо көрсөтүү кажет, документтерди тариздөө боюнча түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзүүгө тийишсиңер. Экономикалык ишмердүүлүк чөйрөлөрүнүн толук кандуу иштөөсү үчүн бардык мүмкүндүктөрдү түзгүлө», - деди Кубатбек Боронов. 

Ал ошондой эле май куюучу жайлар жана такси кызматтары тарабынан санитардык эрежелерди сактоого көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгына өзгөчө басым жасады. 

Тармактык кызматтарга Жалал-Абад облустарынын Чаткал жана Тогуз-Торо райондорундагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөөнүн бардык тийиштүү чараларын күчөтүү тапшырылды. Мындан тышкары көзөмөл-өткөрмө жайларында санитардык жана башка текшерүү чараларын күчөтүү, айрыкча Баткен облусундагы пункттарга өзгөчө көңүл буруу шарт. 

Штабдын жыйынынын жүрүшүндө жерде жүрүүчү же аба транспорту менен республикага чет өлкөлөрдөн келген жарандар боюнча иш-аракеттер алгоритмин так аткаруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости