www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-майдагы селдин кесепеттерине байланыштуу Лейлекте өзгөчө кырдаал жарыяланды. Акимдин буйругу менен атайын штаб түзүлдү. 

Белгилей кетек, 2-май күнү саат 18:30дар чамасында мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек районунда Тогуз-Булак, Мин-Жыгач айылдарында, Кара-Дөбө айылынын Катар участогунда жана Исфана шааарынын сел өтүүчү сайларда сел жүргөн. Аталган аймактарда үйлөрдүн короолорун сел каптаган.

Исфана шаарында 10 үйдү жана жер төлөөсүн, 16 үйдүн тамаркаларын сел каптаган. Шаардагы "Арча-Бешик" балдар бакчасынын жер төлөсүнө 2 куб метр суу толгон.

Селден Исфана-Андарак-Көкташ, Самат-Замборуч-Жаркыштак, Ош-Баткен-Исфана жолдорунун айрым жерлери бузулуп, кум-ташка толуп калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости