www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы суткада коронавирустан 475 адам көз жумду. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди.
Маалыматка караганда, анын ичинен 428 киши Европа мамлекеттеринен. Жугуштуу илдеттен дүйнөдө 7426 киши каза тапты.
11 526 жаңы учур катталып, ооруга чалдыккандардын жалпы саны 179 112 адамга жетти.
Акыркы суткада коронавирус дүйнөнүн дагы сегиз өлкөсүнөн катталды.
Ал эми коронавирустун курмандыктарын изилдеп келе жаткан Гонкгонгдогу South China Morning Post басылмасы акыркы берген маалыматында оорудан набыт болгондордун саны 7822 адамга жеткенин билдирди.
Басылманын маалыматы боюнча, акыркы суткада 737 адам коронавирустан көз жумду. Мунун ичинен Италияда 345 киши оорудан улам каза болду. Жалпы өлкөдө оорудан өлгөндөрдүн саны 2500дн ашып, 31 506 киши ооруну жуктуруп алган.
Иранда жалпы өлгөндөрдүн саны 988 адам, 16 миңден ашууну ооруга чалдыккан. Испанияда 491, Францияда 175, АКШда 103 киши коронавирустан көз жумду.
Булак: NazarNews.kg