www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир суткада коронавирустан эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 8-мартка карата коронавирус 17 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 28 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 148 бейтап, амбулатордук түрдө 251 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 658 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 713 киши айыгып чыкса, 2 миң 968 адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости